Бишкек — Нарын жолунда жүк ташыган эки автоунаа кагышып, бирөө өрттөнүп кетти. Видео

Жазылуу
Нарын облустук милициясынын билдиришинче, жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Бишкек — Нарын жолунда жүк ташуучу эки автоунаа кагышып, бирөө күйүп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

ДТП в Токтогульском районе Джалал-Абада - Sputnik Кыргызстан
Токтогулдагы кырсыктан бир бала менен аял каза болду. Авариядан кийинки сүрөт
Нарын облустук ЖКККБдын маалымат кызматы кырсык болгонун тастыктап, окуя 240-чакырымда катталганын маалымдады. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алып, каза болгондор жок экенин айтты.

Күбө жиберген видеодо курулуш материалдары жүктөлгөн бир автоунаанын күйүп жатканын көрүүгө болот.

Нарын облустук милициясы жүк ташыган автоунаалардын бирөө Кытайдан товар ташып келе жатканын кошумчалады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0