Жан керек да! Кескелдирик менен кобранын кармашы. Видео

Жазылуу
Түштүк Африканын Крюгер паркына барган турист чанда кездешкен окуяны видеого тартып алган.

Кобра менен чоң кескелдириктин кармашы YouTube каналына жайгаштырылды.

Аялдын айтымына караганда, алыстан кызыктай кыймылды байкаган.

"Жакындап келип, бир нече кулач болгон жыландын бир топ эле чоң кескелдирикти жутканы жатканына күбө болдум", — деген ал.

Кобра кескелдирикти улам муунтуп, асфальт менен акырындап соймолоп жүрүп отурган.

Так выглядит животный траур — буйволы облизали убитого детеныша. Видео - Sputnik Кыргызстан
Баласынын өлүгүн башкаларга ыраа көрбөгөн буйволдун видеосу
"Кескелдириктин алы кетип баратканы көрүндү. Мойнун жылан тиштегенде ууланган жерлерди байкадым. Эптеп бошонгон жаныбар андан алыстай бергенде жылан кууп жетип, тумшугун чагып алды. Катуу ылдамдык менен өтүп бараткан транспорттон чочуган жылан чочуп четке чыга берди. Кескелдирикти байкап турдум. Ал жолдо кыймылсыз жатып, тилин бир-эки ирет чыгарганга жарады", — деп баяндап берген турист.

Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркында 1,5 миң арстан, 12 миң пил жана 2, 5 миң буйвол, миңге чукул леопард бар. Ал эми кериктердин саны 5000ге чукул деп айтып келишет.

Буга чейин буйволдор пилдин баласын арстандардын азуусунан сууруп алып, бирок акыры аянычтуу бүткөн видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0