Индиялык киши 66 жыл өстүргөн тырмагын акыры кестирди. Оозду ачырган видео

Жазылуу
82 жаштагы Шридхар Чиллал 66 жыл өстүргөн тырмагын акыры кестирди. Оозду ачырган видеону бул жактан көрө аласыздар.

Жалал-Абаддагы магнит баатыр: темир, кагаз, буюмдар денеге жармашканда - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы "магнит баатыр": темир, кагаз, буюмдар денеге жармашканда
Индиянын тургуну Шридхар Чиллал — дүйнөдөгү эң узун тырмактын ээси. Бул киши сол колунукун бала кезинен эле өстүрүп баштаган. Эң кыска тырмагы сөөмөйүндө узундугу 164,5 сантиметр. Ал эми эң узуну бармагында болуп, 197,8 сантиметрди түзөт. 2015-жылы Чиллал Гиннес рекорддор китебине кирген.

66 жылдан кийин абышка бул "байлыктары" менен коштошууну чечкен. Айтымында акыркы убакта алар  көйгөй жаратып, колуна күч келтире баштаган.

Адистер Чиллалдын тырмактарын Нью-Йорктон кесишип шаардык музейге жөнөтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0