Мексикада жаңы эле ачылган соода борбор урап калды. Күбөлөрдүн видеосу

Жазылуу
Мексиканын борборунда жакында эле ачылган The Artz Pedregal соода түйүнү урап калды. Окуя кандай болгонун видеодон көрүңүздөр.

The Artz Pedregal соода борбору ачылаары менен жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан. Эл бийликке жаңы курулуш Мехикону жаан-чачын учурунда суу каптоодон коргоочу бассейндин аймагына түшүп калганын жана унаа кыймылына тоскоол болуп жатканын айтып арызданышкан. Мындай жүйөлөр келтирилгени менен архитекторлор ага маани беришкен эмес.

Жыйынтыгында жакында эле ачылган имарат урап калды. Адистердин айтымында, анын долбоору туура эмес түзүлгөн.

Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Бийлик бардык адамдарды сыртка чыгарып, соода түйүндү окуя болордун алдында эле жапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0