Ат-Башыда 68 жаштагы полковник мас абалында кишини койдуруп алды. Видео

Жазылуу
Сүзүп алган адамдын 68 жашта экендиги айтылды.

Ат-Башы районундагы Ак-Өргөө жаңы конушунун тургуну, милициянын мурдагы кызматкери 12-июлда райондун борбордук көчөсүнөн жөө адамды койдуруп кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга окурман билдирди.

Окуяны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Нарын облустук бөлүмүнөн тастыкташты.

"Кырсык Ат-Башы районунун "Береке" базарынын жанында, саат 15:30дар чамасында болгон. 68 жаштагы айдоочуну кырсыктан кийин ошол жердегилер жөө адам өткөн жол чийинден токтотуп, кармап турушкан. Ал милициянын мурдагы кызматкери болуп чыкты. Ал эми жабырланган 28 жаштагы жигит башынан жаракат алыптыр. Экспертиза айдоочунун кырсык учурунда мас экендигин аныктады", — деди Өмүрзаков.

Бишкек — Нарын жолунун 44 чакырымындагы айланма жолдо Mercedes-Benz унаасы аласалып, ичиндеги үч киши каза тапканын Чүй облустук милициясы билдирди - Sputnik Кыргызстан
Токмокко жакын жерде унаа аласалып үч киши мүрт кетти. Жүрөк үшүн алган сүрөт
Окуяга күбө болгондор аны видеого тартып алып, редакцияга жөнөткөн.

Окуя тартылган видеодо автоунаанын алдыңкы айнегинин талкаланып, бирок чачырап кетпегендигин көрүүгө жана салондун ичинде сыра ичимдиги жатат деген комментарийди угууга болот.

"Жабырлануучу башынан жаракат алып, райондук ооруканада 3-4 күн жаткан. Андан ары дарылануу үчүн Бишкекке бармак", — деп билдирди Өмүрзаков.

Автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0