Албек Ибраимовду сот залынан кантип алып кетишти. Видео

Жазылуу
Мурдагы калаа башчысы бир нече беренелер боюнча айыпталып жатат.

Бишкектин Биринчи Май Райондук соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду тергөө аяктаганча деп 29-августуна чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Ибраимов буга чейин шаардык кеңештин депутаттары ага ишеним көрсөтпөгөндүктөн ээлеген кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка 19-июлда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Церемония награждения государственными наградами в резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Албек Ибраимовдун кетиши боюнча билдирүү жасады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы калаа башчыны 19-июлда кармаган.

Атайын кызматтын билдиришинче, Ибраимов тергөөчүгө курал колдоно турганын айтып коркуткан.

Ибраимовго "ТНК Дастан" ААКсынын буюм сатып алууда жогорулатылган бааны көрсөтүү менен мекчиктештирилген каражаттары боюнча Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Билдирмеге ылайык, иликтөө маалында Ибраимов аталган ишкананын башкармалыгынын төрагасы болуп туруп, коргонуу багытындагы каражатты сатып алуу үчүн ири суммадагы каражат кетчү келишим түзгөн. Мындан соң ал товар жеткирип берген тараптан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алганы айтылат. Ушул эле кылмыш иштин алкагында "Солнечный берег" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сом чыгым тарттырганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0