Россия дүйнөдө жок жаңы аскердик куралдарын сынады. Видео

Жазылуу
Интернетте "Авангард", "Сармат", "Кинжал", "Посейдон", "Буревестник" жана "Пересвет" жаңы аскердик куралдарын сыноо учуру тартылган видео тарады.

Белгилей кетсек, быйыл 1-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйында дүйнөдө аналогу жок аскер куралдарын тааныштырган.

Путин Батыш өлкөлөрү Россиянын стратегиялык баланстын бузулушу тууралуу билдирүүсүн талкуулагысы келбегенин айткан. Расмий Кремль НАТОнун мүчөлөрүн Американын атайын глобалдык аскерий системасын жайгаштырууга байланышкан бардык коркунучтарга жооп болорун алдын ала билдирген.

"Кинжал" — ракета үндүн ылдамдыгынан да тез учуп, 2 миң чакырымдан алыс турган бутаны жок кыла алат. Ал деңиз деңгээлинен 20 чакрым бийиктикте жана саатына 12 миң чакырымга чейин учат.

"Сармат" — бешинчи муундагы ракеталык комплекс. Шахта системасында орун алган. Континенттер аралык баллистикалык ракета. Ал ракетага каршы коргонуу комплекстеринен буйтап өтүү жөндөмүнө ээ. 

"Авангард" — ташып жүрүүгө ыңгайлашкан континенталдык баллистикалык ракета. Ал ракетанын коргонуу системасын жок кыла алат жана 12 миң чакырымга чейин учат. 

"Посейдон" океандагы көп багыттуу система — өзү жүрүүчү жер алдындагы атомдук кайык. Негизги милдети каршылашынын суу жээктерине өзөктүк куралды жеткирүү. Анын жарылуусунан цунами сыяктуу олуттуу жаратылыш кырсыктары болот. 

"Буревестник" — Континенттер аралык өзөктүк булагы бар ракета. Анын узактыкка учуусуна чек коюлган эмес. 

"Пересвет" — лазер курал комплекси. Ал тууралуу маалыматтардын бардыгы жашыруун. Эксперттердин айтымында, аталган комплекс абадан жана ракетадан коргойт. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0