Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу орду толгус жоготууга учурады. Кырчындай 25 жаш курактагы кесиптешибиз Исмаил Мамытов дүйнө жаңыртып кете берди. Анын сөөгү бүгүн кичи мекени Аксынын Мукур айылында жерге берилди.

Кесиптешибиз жумушка так, тырышчаак, аракетчил, эмгекчил, бирөө менен жаман-жакшы айтышпаган, эч кимден жардамын аябаган, оор басырыктуу, орду менен сүйлөгөн, ичинде кири жок, кең пейил, ак ниет инсан катары эсибизде калат.

Исмаил биздин редакцияда эки жылдан ашуун иштеп, өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды. Ал тууралуу жаман сөз айткан адамдарды кезиктирүү кыйын. Адамдар менен бат тил табышып, кесиптештери менен ынак мамиледе жүргөн жигит болчу. 2016-жылдын март айында биздин редакцияга катардагы кабарчы болуп келип иштеп баштаган. Өзүнүн эмгекчил, аракетчилдиги менен жаңы тепкичтерге көтөрүлүп, бир эле учурда Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтына макала жазып, радиосун алып барып турган. Кийинчерээк радионун кыргызча бөлүмүнүн жооптуу редактору болуп дайындалган.

Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жигиттин гүлү элең... Sputnik агенттигинин Исмаил Мамытовду эскерүүсү
Бир эле жерде иштебестен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим, жумуштан чыккандан кийин кээде тамада болуп тойлордо кызмат кылчу. Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда сүйүктүүсүнө баш кошуп, 12-июлда борбор калаада үлпөт тоюн өткөргөн. Бирок тоюнда абалы жакшы эмес эле. Өзүн начар сезип баягыдай жаркылдаган эмес. Тойдон кийин үйүнө эмес, түз эле ооруканага алып кетишкенде тынчсызданып жаттык. Экинчи ирет операцияга кирип, кайра чыкпай калды.

Исмаил буга чейин да ашказаны ооруп көчөдө жыгылып калганда эч ким тургузуп койбогонуна кейип, үйүнө араң жеткенин жазган эле. Ал материалдын соңуна "Ашказанды го дарыласа болот. Жүрөктү кантебиз?.." деп кейиштүү суроо узаткан экен.

Коомдогу көйгөйлөрдөн кыя өтпөгөн бала эле. Бурулайдын окуясынан кийин "Келгиле жигиттер, тагдыр талкалаганды токтотуп, сүйүктүү болуп, сүйүп жашайлычы!" деп күйүп жазган. Андан соң өз айылынын кызын коруган жигиттерге кайрылып, "Болочок кайнагалар! Ашыгыма араң жеткенде азапка салбагылачы…" деп кайгырган. Ушул колумнистика анын акыркы жазган материалы болуп калды.

Өткөн жылды жыйынтыктап жатып башкы редактор "Исмаил быйыл сыйлык алуу жагынан рекорд койду" деп айткан. Ооматтуу, колу ачык болгондуктан түрдүү конкурстарга катышып, байге утуп сүйүнчүлөп келип калчу.

Кыздарды аздектөө, коргоо жана кадыр-баркын көтөрүү максатында уюштурулган "Кыздарыбызды аздектейли" аттуу ыр жана эсселер сынагында 2-орунду ээлеген. Ал эми ЖМКлар арасында "Жашыл экономика" форумунун алкагында өткөн конкурста "Мыкты радиоматериал" номинациясы боюнча биринчи орунду алган. Андан белекке алган планшетин айылдагы атасы менен апасына жөнөткөн болчу. Мындан сырткары, Улуттук банк тарабынан уюштурулган журналисттер арасындагы республикалык сынакта да байгелүү орунду ээлеген.

Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Исмаил агамды алып кеткен ажалга эки ооз кебим бар...
Быйыл туулган күнүндө "сиздер менен кесиптеш болуп катарыңарга отуруп калганыма, чогуу тамактанганыма Кудайга миң мертебе шүгүр келтирем. Сиздер мага жөн гана кесиптеш эмес, бир туугансыңар. Ата-энем айылда болгондуктан үй-бүлөлүк жылуулукту сиздерден сезем. Бирөөнү апа, бирөөнү ата, дагы бирөөнү ага катары көрөм", деп кубанган.

29-июнь күнү жумуштан эмгек өргүү алып үлпөт тоюн өткөрөм деп кеткен. Ошондо кесиптештери менен сүрөткө түшүп "Аман тургула алтындарым, Буюрса жакшылыктан көрүшкөнчө" деп жазган экен. Ошол жакшылыгыңды көрдүк эле. Бирок сен аман турбадың…

Исмаил адамдык бийик сапатты же болбсо жаштардын үлгүсүн көрсөткөн бычакка сап уул болдуң. Ажал тооруп кырчындай курагыңда о дүйнөгө алып кетпегенде дагы да көп ийгиликтерди жаратмаксың. Сенин ордуң бош калды! Бул биз үчүн орду толгус жоготуу! Кош, Исмаил! Эми сени баскан изиңден, жазган макалаларыңдан, радиодон жаңырган үнүңдөн издейбиз! Жаткан жериң жайлуу болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0