Асманга байлап койгондой... Ак менен кара куюндун видеосу

486
(жаңыланган 10:19 24.07.2018)
Кара деңиздин үстүнөн алгач уюлгуган капкара, андан соң бир аздан кийин шооладай болуп түшүп келе жаткан ак куюнду көрүүгө болот.

Бул көрүнүштү россиялык балыкчылар видеого тартып алган. Андан соң YouTube каналына жайгаштырылган.

Маалыматта ал Кара деңиздеги Геленджика жээгине жакын жерден тартылганы жазылган.

Видеонун автору куюн алыстан көрүнүп, бирок улам жакындап келе жаткандыгын комментарий кылып жатканын угууга болот.

Балыкчылар жаалы катуу куюндан болгону 500 метрдей алыс аралыкта турганын кошумчалаган.

486
Белгилер:
Россия, деңиз, куюн, балык
Тема боюнча
Жалын бүрккөн куюн. Сейрек кездешчү ирмем видеого түшүп калган

Акыры өлтүрүп тынды. Сууда алышкан ак аюу менен бугунун видеосу

99
Интернет айдыңында мелмилдеген сууда ак аюу мүйүздөрү аркайган бугунун артынан сая түшүп, кууп бара жаткан видео тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, кишинин тынчын алып, кыпылдаткан бул окуя былтыр Норвегиянын Шпицберген архипелагында августтун аягында болгон.

Бугу душманы ак аюудан кургакты көздөй чуркабай, сууга кире качып, өзүн кооптуулукка кептеген. Польшанын илимий станциясынын изилдөөчүлөр тобу эки жаныбардын кармашын видеого тартып алган. Маалыматта негизи эле жогорудагы жырткычтын түндүк бугуга аңчылык кылган учурунун биринчи ирет камерага тартылгандыгы айтылган.

Кадрдан жаш ургаачы аюу шыргалаң сууда бугунун артынан сая түшүп алып сүзүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал бир нече мүнөткө созулуп, акырында жырткычтын мүйүздөрүн арткайтып, жаныбарды жээкке сүйрөп чыккан.

"Баары ушунчалык таңгалычтуу болгондуктан, документалдуу фильм көргөндөй абалда калдык. Мындан кийин буга окшогон окуяга эч качан туш келбейбиз дагы", — деген Гданьск университетинин биологу Изабела Кулашевич.

Ак аюу сууда эң сонун сүзөт, ал эми кургакта качкан бугуга жетпей калышы турган иш. Андан сырткары, Арктиканын башка бөлүктөрүндө түндүк бугуларга анча кооптуулук жаралбайт. Ал эми Шпицбергенде бул жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, National Geographic саксактап, натыйжада алар аярлыгын бир топ жоготуп койгонун жазды.

99
Белгилер:
Норвегия, National Geographic, Россия, ак аюу, бугу, аңчылык, суу
Тема боюнча
Буйволду арстандын күчүктөрү тирүүлөй жеп... Аянычтуу видео
Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт

Валентина Шевченко, жаңырган "кара жорго" жана көлдөгү машыгуу. Видео

890
(жаңыланган 16:00 30.11.2021)
UFC чемпиону Валентина Шевченконун Ысык-Көлдүн жээгинде өзү да машыгып, андан сырткары кыргызстандык спортчу кыздар менен өнөктөш катары иштеп жаткан видеосу тарады.

Видеолорду Шевченко Instagram баракчасына жарыялап, Ысык-Көл ага дем-күч берерин жазган. Мушкердин тер төгө спорт менен алектенип жаткан видеосу Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринин жээгинде тартылган. Кадрдан анын насаатчысы Павел Федотов экөөнүн пристанда машыгып жатканын көрүүгө болот.

"Мен Ысык-Көлдө машыкканды аябай сагындым. Бул мага күч бере турган жер", ― деп жазган спортчу өзүнүн Instagram баракчасына.

Шевченко видео ноябрь айында тартылганын белгилеп, жазган. Кыргызстандык мушкердин видеосу кыска убакыттын ичинде бир нече миң жолу көрүлгөн. Катталуучулар Кыргызстандын даңкын чыгарганы үчүн ага ыраазычылык билдирген пикирлерди калтырышкан.

Ал эми чемпиондун спортчу кыз менен өнөктөш катары машыгып жаткан экинчи видоосу да ошол эле пристандан тартылган.

Валентина Шевченко 21-ноябрда өлкөгө келген. Бишкекте ал маалымат жыйынын жана күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Садыр Жапаров мушкер кызды кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырган. 

890
Белгилер:
Валентина Шевченко, машыгуу, Ысык-Көл
Тема боюнча
Шевченко менен Холли Берринин "мушташы". Кинонун бет ачарынын видеосу
Эмоцияга алдырды. Валентина Шевченко Рафаэль Физиев тууралуу оюн айтты
Шевченко Нуньес менен үчүнчү кармашы тууралуу: ал менден өзү качып жаткандай
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

0
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова онкологиялык илдетке чалдыккандарга жылдап дарыланууга туура келерин белгиледи.

Онкологияга чалдыккандар дары-дармек, медициналык жабдуу алуу үчүн каржылык жана кан донорлорунун жардамына муктаж. Бул тууралуу Жылдыз Жумагулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

Анын айтымында, онкологияга чалдыккандар үчүн өкмөт тарабынан каржы бөлүнөт, бирок ал жетишсиз.

"Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу чакан болгондуктан көп компаниялар акыркы чыккан дарыларды алып келүүгө кызыкдар эмес. Башка ооруларга салыштырмалуу онкологияга чалдыккандар жылдап дарыланат. Ошондуктан бир жылга ченеп алынган дарылар кээде жетишсиз болуп калат. Мындан тышкары, медициналык жабдууларга дагы муктаждык күч. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн элдин көмөгү зарыл. Мисалы, балага диагноз коюлганда ата-энеге психологиялык дагы көмөк керек. Анткени муну кабыл алуу абдан оор болот. Ошондой эле тромбоциттик масса менен камсыздоонун наркы дагы жогору. Анткени ал он чакты донордун канынан даярдалат. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү барлар онкологиялык илдетке чалдыккандарга деп кан тапшырса, бул дагы бир адамдын өмүрүн сактаганга жардам болот. Мындан тышкары, өлкөдө полиативдик көмөк дагы жөнгө салынган эмес. Аталган дартка чалдыккандар толук кандуу сакайбай калган учурлар кездешет. Онкологиялык илдетте чыдатпаган оору болот. Аны басаңдатуу үчүн наркотикалык багыттагы дарылар жазылат. Аны рецептсиз жок алуу мүмкүн эмес. Айрым медиктер муну жазып бербей койгон учурлар кездешет. Мына ушул багыттагы көмөктү дагы жолго салуу зарылдыгы бар", — деди Жумагулова.

Ошондой эле ал онкологиялык ооруга чалдыккандар табыптарга барып, дарыгерлерге кеч кайрылып калган учурлар да болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышты. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалат.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

 

0
Тема боюнча
Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат