Машина айдап баратып "Танки" оюнун ойногон таксист кечирим сурады. Видео

Жазылуу
Айдоочу экинчи мындай нерсе кайталанбай турганын айтты.

Буга чейин Бишкекте таксист жүргүнчүнү ташып баратып телефонунан "Танки" оюнун ойногон видеосу тарап кеткен. Жүргүнчүлөрдүн "телефонду коюп койбойсузбу" деген өтүнүчүнө маани берген эмес.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы видеодогу таксист айыпка жыгылганын билдирди.

"Бишкек ШИИБдин кызматкерлери таксист ким экенин аныктап, ал Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну экенин тактады. Ага КР Административдик кодексинин 239-беренеси "машина айдап баратып уюлдук телефон колдонуу" боюнча айып салынды", — деп милициядан айтышты.

Андан сырткары, ЖКККББнын маалымат кызматы таксист иштеген фирмасы тарабынан жазага тартылып, 16-июлдан 26-июлга чейин иштен четтетилгенин белгиледи.

Укук коргоо органдары тарабынан берилген видеодо таксист жарандардан кечирим сурап жатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0