Балдар кулап түшсө, аман калчудай эмес. Мэрия курган жасалма асканын видеосу

Жазылуу
Бишкек шаарындагы Жаштар багынын аймагына Бишкек мэриясы жасалма аска курган. Ага балдар менен чоңдор коопсуздук жиби жок эле чыгып жатат.

Бул жай жакында эле Жаш Гвардия көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде ачылган. Ал жерде жасалма аскадан сырткары футбол талаасы жана балдар ойной турган аянтча салынган.

Эгерде жаңы орнотулган жай коопсуз болсо эч нерсе болбос эле. Кептин баары бул жердин балдардын өмүрүнө кооптуулук жараткандыгында. Алар "аскага" чыкса, артынан караган эч ким жок. Ал эми Биринчи Май районунун биз кепке тарткан акиминин орун басары Руслан Шараповдун айтымында, баары башкача болушу керек.

"Жасалма аска реконструкциядан кийин орнотулган. Эреже боюнча конструкция бетондун үстүнө салынган, ал эми буттарды коюп чыга турган тиги "таштар" катуу бекитилген. Мындан сырткары, алар кооптуулук жаратпашы үчүн 10-15 мүнөттө эле алып салса болот. Конструкциянын негизинен 3 метр бийиктикке чейин эч ким чыкпашы үчүн таштар алып салынат. Ал эми анын жанында милициянын бөлүмү жайгашкан. Ал жерде аймактык тескөөчүлөр отурат. Милиция ар бир жарым саатта аймакты айланып, ал жерди да текшерип турат", — деди Шарапов.

Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамакка тоюп алып сүзбөйт! Сууга түшүү учурунда 10 "болбойт"
Ал ошондой эле жасалма аска жакынкы күндөрү Альпинизм жана жарга чыгуу федерациясынын балансына берилерин кошумчалады.

Парктын аймагындагы жасалма асканын жанында чынында эле милициянын пункту бар экен. Ал жакка гүлбак менен спорттук жабдык көзөмөлгө алынар-алынбасын сураш үчүн баш бактык. Бирок бекеттин эшиги жабык экен. Каалгасын каккылаганыбызда ичинен формачан киши чыгып, парктын аймагы ага карабай турганын билдирди.

"Мен бул аймакты карабайм. Парк менен жасалма асканы башка тескөөчү көзөмөлдөйт. Ал азыр Батыш автобекети тараптан чакыруу түшүп, ошол жакка жөнөп кетти", — деди милиционер.

Көрсө "Жаштар" гүлбагына Улан Усуев аттуу инспектор бекитилиптир. Аны менен телефон аркылуу байланышка чыктык.

"Тамагым ооруп калгандыктан бүгүн ишке чыккан жокмун. Негизи парк менен жасалма асканы мен карашым керек. Бирок эки аймакты кароо милдети мойнума жүктөлгөндүктөн дайым эле жетише бербейм. Бүгүн менин ордума сейил бакты кесиптештерим айланып, карап чыгышы керек болчу", — деди Усуев.

Жасалма асканын жанында турган учурда балдар анын жанына келип бири-бирине жардам берип тепкич турган жерге чейин жетишти. Жалпысынан 6 жаштан 12 жашка чейинки сегиз бала ошол жерди айланчыктап жүрдү. Аларга чоң кишилерден эч ким көз салган жок, тыюу да салган жок.

В Бишкеке открыто дорожное движение по улице Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыдан Караколго бараткан жолдун асфальтын суу жеп чөгүп кетти. Видео
Ал эми жасалма асканын алдынан чокусуна чейин кармай турчу таштар жармаштырылган. Бир тарабында атайын тепкич бар. Ага колду сунуп да жетпейсиң, бирок жергиликтүү балдар бири-бирин түртмөлөп ага чейин чыгып алып жатканына күбө болдук. Кайра жерге 2 метрлик бийиктиктен тобокелдикке салып секирип түшүп жатышты.

Балдарга барып бул жасалма аскага экинчи чыкпагыла деп эскерттик.

Тартуу аяктагандан кийин эки сааттай жасалма асканын жанында туруп, бир да милиция кызматкеринин текшерүү жүргүзүп келгенин байкаган жокпуз. Андан кийин кайтадан Биринчи Май райондук акимиатына чалып, парктагы абал боюнча маалымат бердик.

Акимдин орун басары жасалма аска Альпинизм жана жарга чыгуу федерациясынын карамагына берилгенге дейре эле, эртең чара көрүлөт деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0