Эми бир укмуш, түндө көрбөдүм деп арманда калбаңыз! Айдын тутулган видеосу

Жазылуу
Жумадан ишембиге караган түнү Жер планетасынын жашоочулары бул кылымдагы айдын эң узак убакытка тутулганын көрдү.

Айдын тутулушу жалпысынан 3 саат 56 мүнөткө созулду.

Ай. Архив - Sputnik Кыргызстан
NASA Айда адамдардын "кыштагы" пайда болорун айтты
SciNews бул көрүнүштүн процессин 20 эсе ылдамдатып жасаган видеосун YouTube каналына жайгаштырды.

Бул жолу Күн, Жер жана Ай сейрек кездешкен абалда болуп – бир сызыкка келди.

Ал эми адамдар бул көрүнүшкө Жер тараптан туруп байкоо салышты.

Толгон ай акырындап жылып отуруп, көккө көтөрүлдү. Ал эми анын бетин көлөкө бетин толук каптаганда өзгөчө бир көрүнүштү пайда кылды. Бул учурда Ай кочкул-кызыл түскө боелгондой элес калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0