Кытайдын бир кафесинде мышыктар кассирге жардамчы болууда. Видео

Жазылуу
Өлкөдөгү кафелердин биринде жеген тамагыңыз үчүн каражатты өзгөчө ыкма менен төлөй аласыз.

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы кафелердин биринде футболкасында QR-коду жармаштырылган мышыктар басып жүрөт. Мобилдик тиркеме аркылуу кодду сканерден өткөрүп төлөм жүргүзүүгө болот. Башкача айтканда жеген тамагыңыздын акчасын, мышыктын футболкасындагы QR-код менен төлөй аласыз.

Кафенин кожоюну Луо Андын айтымында, башында болгону бир гана кызматкер иштеген.

"Жалгыз кызматкер буюртма кабыл алып, кофе жасап, ар бир столго жеткирип анан мышыктарды да карачу. Мен анын жетишпей жатканына боорум ооруду", — деди Ань.

Ошондой эле QR-код аркылуу мышык тууралуу маалымат алып, каалагандар ага чай пул катары тамак сатып бере алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0