Бишкекте пара алып жаткан салыкчынын кылтакка илинген видеосу

Жазылуу
Финполго Ш.Э. аттуу жаран милицияга арыз жазып, салык кызматкери ишти оңунан чечип берем деп пара доолап жатканын айткан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Бишкек шаарынын Сокулук району боюнча Салык кызматынын башкармалыгынын улук инспекторунун пара алып жаткан видеосун жарыялады.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Милиция: студенттер арызданган ректорду чек арадан кармап келишти
Маалыматка ылайык, финполго Ш.Э. аттуу жаран милицияга арыз жазып, салык кызматкери ишти оңунан чечип берем деп акча доолап жатканын айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Видеодо бардык ишти чечип берем деп сүйлөп жаткан кишини көрүүгө болот. Андан кийин иш бөлмөгө финполдун кызматкерлери кирип келип, инспекторду кармашат. Анын жанынан "пара" деген жазуусу бар 15 миң сом көлөмүндөгү акча чыккан.

Салык кызматынын өкүлү кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0