Аламүдүндөгү мөңгүдө үстүнө таш кулаган туристтерди куткаруу учуру. Видео

Жазылуу
YouTube каналына Nastya Yatsun деген ник менен катталган интернет колдонуучу Бишкекке жакын жерде үстүнө таш кулаган туристтерди куткаруу учурунун видеосун жүктөдү.

Окуя дүйшөмбү күнү, 30-июлда, Аламүдүн районуна караштуу №9 Скрябин мөңгүсүндө болгон. Кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы казакстандык жаран каза тапса, калган беш турист оор жаракат алган.

Россия менен Казакстандан келген туристтер шейшемби күнү тик учак менен эвакуацияланып, Алматыга жеткирилген.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы саат 7.00дө тоого учуп, саат 10.03дө жабырлануучулар менен "Манас" аэропортуна конгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0