Жүрөк оозго кептелет... Мексикадагы кулап бараткан учактын ичинде тартылган видео

1614
(жаңыланган 14:34 02.08.2018)
Embraer 190 үлгүсүндөгү учактын ичинде 99 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон.

Мексиканын Дуранго шаарында кулаган учактын ичинде тартылган видео интернетте тарап жатат. Ал YouTube каналына жарыяланган.

Видеодо учак учуп-конуу тилкесинен асманга көтөрүлөрү менен кайтадан жерге кулаган. Бул учурда сыртта нөшөрлөп жаан жаап жаткан.

Embraer 190 үлгүсүндөгү учактын ичинде 99 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Учак Мексиканын Дуранго шаарынан Мехикого сапар алган.

Жерге кулап түшкөн учактан эч ким жабыркаган эмес. Расмий бийлик учак катуу шамалдан улам кырсыкташы мүмкүн деген божомолун айтышты. Айрым жүргүнчүлөр учакка чагылган тийгенин билдиришкен.

1614
Белгилер:
авария, учак, Мексика
Тема боюнча
Оштон Анталияга 89 жүргүнчүсү менен учкан учак авариялык абалда Бишкекке конду

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

46
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

46
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

404
(жаңыланган 03:04 10.08.2020)
Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон жүздөгөн адамдар Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турууда.

Эки тараптын кагылышуусунун видеосу Белоруссиянын TUT.BY. порталына жарыяланды.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан.

Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратышууда, жабыркагандар бар. Видео

Милиция кызматкерлери агылган митингчилердин жоон тобунан бир нече жолу артка кетенчиктешкен.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы добуштардын 82 пайызын алгандыгы айтылган. Дагы бир талапкер Светлана Тихановская сегиз пайыз алган.

404
Белгилер:
видео, митинг, президенттик шайлоо, Минск, Белоруссия
Тема боюнча
Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
Белоруссияда нааразычылык акциясынын катышуучулары

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

0
(жаңыланган 16:39 10.08.2020)
Түндө президенттик шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркаган. Айрымдарын күч түзүмдөрү кармап кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Александр Лукашенко Белоруссияда нааразычылыкка чыккандарды Польша, Британия жана Чехиядагылар башкарып жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигинин Telegram-каналы жазды.

Анын айтымында, чет мамлекеттен чалуулар катталган, бирок аларга карабастан шайлоо жогорку деңгээлде өттү.

"Бул майрам да, аны бузгусу келгендер болду. Биз аларды байкадык, көрүнүп эле турду. Чет мамлекеттеги чалууларды каттадык. Польша, Улуу Британия жана Чехиядан чалуулар болгон, алар биздикилерди, кечиресиздер, койлорду башкарышкан. Алар өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок, ошон үчүн башкарып алышты да", — деген Лукашенко КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда.

Эске сала кетсек, Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Түндө шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркап, кармалгандар болгон.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

0
Белгилер:
нааразычылык акциясы, шайлоо, президент, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы