Сүйүктүүңөрдөн ажырабагылачы! Темир Жумакадыровду жубайы ыр менен эскерген видео

Жазылуу
Бүгүн көзү тирүү болгондо вице-премьер Темир Жумакадыров 39 жашка чыкмак.

Ал өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. Окуя болгон жерден Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов да мүрт кеткен.

Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам
Маркумдун туулган күнүнө карата жубайы Нора Сүйүналиева ыр жаздырып, видеоролик даярдаган. Көзгө жаш алдырган видео сүйгөндөргө жана сүйүктүүлөргө, арзыгандарга арналат.

Буга чейин Нора Сүйүналиева жолдошунун жасалбай калган иштерин улантып, коррупция менен күрөшүү максатында вице-премьер Темир Жумакадыровдун атынан "Pro Lex" аттуу коомдук фондун түзгөн.

Мурдагы вице-премьердин жубайы учурда Жумакадыровдун өмүр жолуна арналган китеп жазылып жатканын жана фонду менен китептин расмий түрдө ачылышы ушул жылдын сентябрь айында өтө турганын айткан.

Жумакадыров кабылган кырсык боюнча февраль айында сот болуп, анда Москва райондук соту аны менен дагы эки кишинин өмүрүн алган кырсыкка себепкер айдоочу Таалайбек уулу Автандилди 10 жылга эркинен ажыраткан. Андан сырткары мамлекетке 2,1 миллион сом айып төлөтүү чечимин чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0