Эр сайышта жигиттерди сулаткан Диана. Каскадер кыздын өнөрү видеодо

Жазылуу
Диана Ашырбаева үч жылдан бери ат оюндарынын көркүн ачып келет. Кыз куумай менен эр сайышта көргөзмө оюн тартуулап, ат үстүндө трюктарды жасайт.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өнөрүн көрсөтүп берди.

Ашырбаева 14 жашынан бери таэквондо менен алектенет. 15 жашынан тарта мода чөйрөсүнө аралашкан. "Кыргызстан ханышасы" конкурсунда күчүн сынап, "Мисс Бишкек — 2016" сынагында уюштуруучу тараптын көркү наамына татыган.

Үч жыл мурда ат оюндарына келген.

"Көлдө каскадерлор менен тартуу иши болду. Ошондо атка минген жакты. Бир жыл бою Ак-кула ат майданына барып жүрүп ар түрдүү атттарды миндим. Мындайча айтканда, жылкы баласына болгон сүйүү ат оюндарына алып келди. Азыр кыз куумай, эр сайыш боюнча көргөзмө оюндарга катышып, ат үстүндө ар кандай трюктарды жасайбыз", — деди Ашырбаева.

Учурда Sky Nomad клубунда, машыктыруучу Улан Жумакматовдун колунда тарбияланат. 19 жашта, Кыргыз улуттук агрардык унисерситетинин бухгалтерия бөлүмүнүн 2-курсунун студенти.

Диана Ашырбаева тууралуу кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан маалыматты даярдаган маектен окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0