Оштун "Төлөйкөн" ипподрому оңдоп-түзөдөн кийин кандай болору видеодо көрсөтүлдү

Жазылуу
Ош облусунун "Төлөйкөн" атындагы ипподрому эл аралык стандартка туура келгидей кылып оңдолот. Бул туурасында жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Келген конокторго жана ал жерде жылкы баккандарга жакшы шарттарды түзүү боюнча ат майдандын директору Талгат Арзибаев сунуштама жиберген. Ипподром жаңылангандан кийин кандай болору тууралуу жа эскиз даярдалды.

"Учурда чуркоо аянтчасын, көк бөрү талаасын оңдоп-түзөп, бир комплект тайказан сатып алуу керек. Мындан сырткары администрациялык имаратты оңдоп, айдоо жерлерин сугаруу үчүн суу насосторун иштетип, каналдарды куруу талап кылынууда. Мунун баарына беш миллион сом керектелет", — деп Арзибаев сунуштаган.

Ошондой эле ал ремонттон кийин ал жерде республикалык жана эл аралык масштабдагы мелдештерди өткөрүүгө болот.

Талгат Арзибаев Ош облусунун "Төлөйкөн" ипподромуна директору болуп үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0