(1:21 / 10.42Mb / )

Бишкекте курулган дагы бир көпүрөнүн асмандан көрүнүшү. Видео

575
(жаңыланган 11:39 08.08.2018)
Эми Орозбеков көчөсү менен барып, Чоң Чүй каналынан өтүүгө болот.

Борбор калаадагы Орозбеков көчөсү аркылуу Чоң Чүй каналынан өтө турчу көпүрө оңдоодон кийин ачылганын мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, көпүрөнүн узундугу 46 метр, туурасы 13 метр келип, эки капталына тротуарлар да салынган.

Орозбеков көчөсүнүн Жибек Жолунан тарта Саадаевге чейинки 3100 метр аралыгы оңдолду. Ошентип бул көчө Тоголок Молдо көчөсүнө альтернатива болду.

Акыркы эки жылда борбор калаада беш көпүрө салынган. Андан сырткары, Токтаналиев көчөсү аркылуу өтө турчу Ала-Арча дарыясына да көпүрө салынып бүтүп калды.

575
Белгилер:
көпүрө, Бишкек мэриясы, Чоң Чүй каналы, Бишкек
Тема боюнча
Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолдун курулушу. Иш үстүндөгү сүрөттөр
Бишкекте Манас проспектисинин дагы бир бөлүгү ремонтко жабылды

Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

550
Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.

12-июнга караган түнү Рим шаарында Евро-2020 старт алып, оюнду Түркия менен Италиянын курама командалары ачып берди.

Беттештин 53-мүнөтүндө Түркиянын коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын ачып берди. Анын каршылашы тепкен топту башы менен тосом деген аракети оңунан чыкпай калган.

Демирал Европа чемпионатында автогол киргизген алгачкы футболчу катары тарыхта калды.

550
Белгилер:
автогол, Италия, Түркия, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу

Быйыл Кыргызстанда Россия күнү алгачкы ирет масштабдуу түрдө белгиленди. Видео

86
(жаңыланган 18:18 12.06.2021)
Бүгүн борбор калаада Россия күнү белгиленип, майрам элдик оюн-зоок программасы менен шаңдуу өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын алдында "Русская душа" аталышындагы фестиваль уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерти, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди.

Ошондой эле орус тамактарынан даам татуу, Россия элинин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана жарманкелер ачылган.

"Кыргызстан менен Россиянын тарыхы бир, достук мамилеси бекем өлкөлөр. Ошондуктан биз элдик оюн-зоок стилиндеги майрам уюштурууну чечтик. Бири-биризге руханий жактан көбүрөөк аралашуу дурус, андыктан биз Карамзиндин "Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бир гана кара күч эмес, адеп-ахлак дагы керек" деген сөзүн слоган катары алдык. Бизди бириктирип турган жан дүйнө, салт-санаа тууралуу сүйлөшкүбүз келди", — деди фестивалдын уюштуруучусу Галина Кетова.

Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленип жатканы айтылат.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкек, Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү.

86
Белгилер:
фестиваль, концерт, майрам, Россия күнү
Тема боюнча
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
Аялдар кол чатырлар менен жаан учурунда. Архив

Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

8
(жаңыланган 10:27 13.06.2021)
Синоптиктер апта ичинде кээ бир аймактарда гана өткүн өтүп, калган учурда күн ачык болорун божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин күн чайыттай ачык болуп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

14-18-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми 19-июнда күн ачык болот.

Талас облусу

14-15-июнь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 16-17-июнда күн чайыттай ачылат. Ал эми 18-июнда асманды ала булут каптап, өткүн өтөт. 19-июнда кайра эле ачык болот.

Ош, Жалал-Абад облустары

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаашы күтүлөт.

15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.

17-18-июнда тоолуу жерлерде өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 19-июнда күн толугу менен ачылат.

Баткен облусу

14-15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтөт. 17-19-июнь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн жумага чейин кээ бир райондордо өткүн өтүп, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Апта аягында күндүн көзү бузулбайт.

Нарын облусу

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, кээ бир райондордо жаан-чачын жаайт. 15-17-июнда күн ачык болот, кээ бир райондордо гана өткүн өтөт.

18-июнда тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-июнда күн ачык болот.

8
Белгилер:
күн, жамгыр, аймак, апта, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Катуу шамал үч адамды жабыркатып, Чүйдөгү мектептин чатырын учуруп кетти. Видео
Күн 37 градуска чейин ысыйт. Июнга карата аба ырайы