Бишкек — Нарын жолунда жүргүнчү ташыган бус менен жолтандабас кагышты. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы 6-августта саат 17:00дөр чамасында болгон.

Бишкек — Нарын жолундагы Оттук айылынын тушунда саат 17:00дөр чамасында кроссовер менен кичиавтобус кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан улам жолтандабас трассанын жээгине чыгып калган.

"Ат-Башынын киши ташыган маршруткасы менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаа бетме-бет сүзүшүптүр. Бактыга жараша, кишилер тирүү. Жеңил жаракат алгандар бар. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Нарын шаарынын ооруканасына алып кетишти", — деди күбө.

Нарын облустук биргелешкен ооруканасы жалпысынан 11 киши келип түшкөнүн билдирди. Алардын колу-буту, кабыргасы сынган. Бактыга жараша, жол кырсыктан каза болгондор жок.

Ал эми облустук милиция жол кырсыгы болгонун тастыктап, ыкчам топ окуя болгон жерге чыгып кеткенин айтты.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0