Арык эле экен! Жарым саатка жетпеген убакытта 255 шишкебек жеген кыздын видеосу

Жазылуу
Башкалардан анча айырмаланбаган арыкчырай кызды алгач сынакка катыштырууну каалашкан эмес, бирок акырында ал баарын таңгалдырган.

Түркиялык Серен Йылмаз аттуу кыз 23 мүнөттө 255 шишкебек жеп, сынакта жеңип кетти.

Шишкебек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илимпоздор шишкебектин кооптуулугу туурасында айтып беришти
Тамак жеген жарыш Анталиянын ресторандарынын биринде болгон.

The Metro басылмасы 200дөн ашык шишкебекти жеген 21 жаштагы кыздын салмагы болгону 44 килограмм экендигин жазган.

Башкалардан анча айырмаланбаган арык бийкечти алгач сынакка катыштырууну каалашкан эмес, бирок акырында ал баарын таңгалдырган. Кыз башкалардан көп жегени менен эле эмес, тез жегени менен айырмаланган. Серен Йылмаз буга чейинки жарышта 194 шишкебек жеп, рекорд койгон экен.

Кыз байгеге смартфон утуп алып, андан сырткары аталган ресторандан беш ай бою акысыз тамактануу укугуна ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0