Кытайлык кыз макияжга чейинки жана андан кийинки видеосу менен оозду ачырды

Жазылуу
Кытайлык Ци Хуахуа аттуу кыз боектун жардамы менен бир нече мүнөттүн ичинде эле таптакыр башка адамга, тагыраагы супсулуу кызга айланып социалдык тармактын колдонуучуларынын оозун ачырды.

Анын мындай "чыгармачылыгынын" видеосу 9Gag порталынын Facebook тармагындагы баракчасына жүктөлгөн.

Индиядагы үлпөт тойу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялынын сакалын көрүп, үнүн уккан индиялык жигиттин арызын сот карабай койду
Видеодон көрүнүп тургандай, кыздын териси тоналдык кремдин жардамы менен кыйла агарып, хайлайтердин жардамы менен көздөрү "чоңойтулган". Ошондой эле кыз кашына атайын боекту колдонуп, көзүнө жасалма сурма менен кирпик чаптаган.

Интернет колдонуучулар макияжга чейинки жана андан кийинки кызды таанып болбосун жазышууда. Айрымдар роликке бир эле кыз тартылганына ишенбей да турушту.

Ци Хуахуанын видеосун кыска убакыт аралыгында эле Facebook тармагынан 3,8 миллион адам көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0