Ысык-Көлдө төрт автоунаа кагышып, бир жигит каза тапты. Окуянын видеосу

1464
(жаңыланган 21:34 08.08.2018)
Кырсыктын айынан айдоочу көз жуумп, бир нече киши жарадар болгон. Алардын арасында Франциянын жарандары бар экени айтылды.

Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылына жакын жерде болжол менен саат 13.40тар чамасында төрт автонуаа кагышып, кырсык болгон жерде 23 жаштагы жигит каза тапты. Бул туурасында аталган облустун милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, кырсыктаган экинчи автоунаада Франциянын жарандары болгон.

Төө-Ашууда фура сүзгөн микроавтобустар жарга такалып калды. Видео
© Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосу
Бүгүн, 7-августта ВАЗ 2107 менен Honda Stepwgn автоунаалары кагышып, аларга барып урунуудан качкан Renault Duster жолдун жээгине чыгып кеткен. Дагы бир унаа Volkswagen Golf III жол четиндеги тосмого барып урунган.

Милициядан ВАЗдын 36 жаштагы айдоочусу, Семеновка айылынын тургуну каза болуп калгандыгын айтышты. Андан сырткары алты киши жаракат алганы белгилүү болду. Алардын арасында Франциянын эки жараны бар экени айтылды. 

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен баш-аягы беш киши жабыркаганын билдиришти. Алар Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган министрликтен Франциянын эки жаранынын абалы туруктуу, бирок оор экендигин жана хирургия бөлүмүнө жаткырылгандыгын айтышты. Алардын сырткары 32 жана 35 жаштагы кишилердин бели сынып кеткендиги маалымдалды.

1464
Белгилер:
жарадар, өлүм, жол кырсык, Ананьево, Ысык-Көл облусу
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (382)
Тема боюнча
Баткенде Toyota Estima менен трактор кагышып, эки киши каза тапты
Бишкек — Нарын жолунда жүргүнчү ташыган бус менен жолтандабас кагышты. Видео

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

62
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

62
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео

Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео

95
(жаңыланган 10:32 23.06.2021)
Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатта "Фламенго" жана "Брагантино" командаларынын ортосундагы мелдештин бешинчи турунда футболчу топту дарбазага согончогу менен киргизди.

Өзгөчө топту оюндун 12-мүнөтүндө "Брагантино" командасынын коргоочусу Адерлан де Лима Силва киргизген. Айып талаадан берилген топту дарбазанын тушунан согончогу менен тээп гол жараткан.

Оюн "Брагантино" командасынын пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Акыркы голду аталган команданын футболчулары соңку мүнөттөрдө киргизишкен.

30 жаштагы Адерлан де Лима Силва команданын оң жактагы коргоочусу. Ал 2021-жылы клуб менен эркин агент катары келишим түзгөн. Ага чейин "Брагантино" командасында макулдашуунун негизинде маал-маалы менен ойночу.

95
Белгилер:
видео, гол, чемпионат, Бразилия
Тема боюнча
Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

0
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

0
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду