Ракты жеңген балдар Жеңүүчүлөрдүн дүйнөлүк оюнунан 7 медаль утуп келди. Видео

Жазылуу
Рактан айыккан балдар эл аралык мелдешке катышып эки алтын, үч күмүш жана эки коло медаль утуп алышты.

Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу - Sputnik Кыргызстан
Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу
Бүгүн, 8-августта Жеңүүчүлөрдүн дүйнөлүк оюнунун байге ээлери Бишкекке кайтып келишти. Бул мелдеш онкологиялык ооруларды жеңген балдар үчүн уюштурулган. Турнир 3-5-сентябрь күндөрү Москвада болуп өттү. Ага 15 өлкөдөн барган 6дан 17 жашка чейинки 500 бала катышкан.

Кыргызстан быйыл Жеңүүчүлөрдүн оюнуна алгачкы ирет катышып, тогуз бала барган. Жаш спортчулар сууда сүзүү, чуркоо, стол тенниси, шахмат, футбол, пневматикалык курал менен ок атуу сыяктуу спорттун алты түрү боюнча ат салышкан. Натыйжада эки алтын, үч күмүш жана эки коло медаль утушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0