Кытайда эки ооздуу, төрт көздүү музоо туулду. Видео

Жазылуу
Кытайдын Шэньси провинциясынын Дунгоу кыштагында эки баштуу жана төрт көздүү музоо туулду. Анын видеосун The Daily Mail басылмасы YouTube каналына жүктөдү.

Мал ээси Фэн Вэньхундун айтымында, музоо учурда сүттү эки оозу менен тең ичүүдө.

"Башында байкаган эмесмин. Анын башы салыштырмалуу чоң экен деп ойлоп койгом. Көрсө анын эки башы бар экен. Музоо суюктукту эки оозу менен тең ичип жатат. Бизге ал тыңып калгандай сезилгени менен бутуна тура албай жатат", — деди Вэньхун.

Токой чарбасынын директорунун орун басары Циньду У Вэй муну генетикалык мутация деп түшүндүрүп, музоо узак жашабай тургандыгын билдирген.

Буга чейин Индонезиянын бир айылынан эки алдыңкы буту өспөй калган торпок табылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0