АКШда аюу унаанын ичиндеги бананды тое жеп туруп уктап калган. Видео

Жазылуу
Шириндикти жакшы көргөн аюу жеңил унаанын ичине кирип банан жеп, уктап калган.

Колорадо штатынын Жефферсон аймагында (АКШ) адаттан тыш окуя болду. Жолдун четине токтотулуп, эшиги ачык калган автоунаанын салонуна аюу кирип кеткен. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Унаа жолго туруп алып күрөшкөн эки аюу видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Унаа жолго туруп алып күрөшкөн эки аюу видеого түшүп калган
Ал банандын жытын сезип калып машинанын ичине кирүүгө ашыккан. Ал жерден бананды таап тоё жегенден кийин, жатып уктап калган.

Айдоочунун чакыруусу менен келген полиция унаанын эшигин жип менен алыстан тартып ачып, аюуну чыгарган. Видеодон салондогу буюмдар талкаланып, отургучтардын тытылганын көрүүгө болот.

Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча аталган аймакта мындай окуялар көп кездешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0