Бишкектеги жарылуунун видеосу чыкты

Жазылуу
Жарылуудан 57 жаштагы россиялык бизнесмен жабыркаган.

Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү жарылуу видеого түшүп калган.

Окуянын кадрын Facebook социалдык тармагынын Рустам Иса аттуу колдонуучусу өзүнүн баракчасына жүктөдү. 

Оцепление милицией дома на улице Исанова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жарылуудан жабыркаган бизнесмендин эмне байлыгы бар
Тасмада көрүнүп тургандай, Lexus үлгүсүндөгү унаадан үч адам түшүп, көп кабаттуу үйгө кирип баратканда газондун үстүндөгү кичинекей декоративдүү бак жарылып кеткен.

Окуядан россиялык ишкер Александр Гайдуков жабыркап ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, анын колу-бутунан майда сыныктарды алып чыгышкан. Жабырлануучу бүгүн эле ооруканадан чыгарылды

Гайдуковдун Кыргызстан менен кандай байланышы жана байлыгы бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0