Ташкентте ММА мушкерин өлтүрө сабагандардын видеосу интернетке жарыяланды

Жазылуу
Милициянын билдиришинче Кенжаев түңкү клубга бычак алып кирүүгө аракет кылган.

Ташкенттеги түңкү клубдагы мушташта ММА боюнча Өзбекстандын чемпиону Жамшид Кенжаев өлтүрүлгөнүн Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Москвада Борбор Азиядан баргандар тобу менен мушташты. Видео
Мушташ шаардын Юнусабад аймагындагы "Аурум 898" түңкү клубунда болгон. Ташкент шаардык милициясынын маалыматына ылайык, Кенжаев клубга 8-августтан 9-августка караган түнү келип, имаратка бычак алып кирүүгө аракет кылган. Күзөтчүлөр менен спортчунун ортосунда жаңжал чыгып, Кенжаев бир нече ирет бычак жеп ооруканадан каза болгон.

Окуянын видеосу Facebook баракчасына жарыяланды. Анда клубдун коопсуздук кызматтары Кенжаевди топтошуп алып сабап жатканын көрүүгө болот.

Жамшид Кенжаевдин Instagram баракчасында анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0