Төө куш зоопарк кызматкерине кол салып, жарадар кылды. Видео

Жазылуу
Төө куш зоопарк кызматкерин жыгытып, андан соң бир нече ирет тепкенге үлгүргөн. Жумушчу анча катуу жаракат алган эмес, болгону денеси бир аз тытылган.

Россиянын Пенза шаарындагы зоопаркта иштеген жумушчу төө куш турган жайга кирип кеткен. Адамды көргөн канаттуу аны өзүнүн каршылашы катары түшүнүп, тээп кирген.

Окуя ишемби күнү болуп, видеосу эми эле интернетке тарай баштады.

"Бул кызматкер бизде бир нече жылдан бери иштейт, ал коопсуздук эрежесин бузган. Териштирүүнүн жыйынтыгында ага сөгүш жарыяланды. Тартип боюнча короонун ичине жалгыз кирбеш керек же колго таяк, калкан алуу зарыл. Кызматкер канаттуу аны таанып калган деп ойлогон экен", — деп зоопарктан кабарлашты.

Учурда жабыркаган кызматкер өз ордунда иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0