Италияда көпүрөнүн кулаганы видеого түшүп калган

Жазылуу
200 метрлик көпүрөнүн бир бөлүгү 70 метр бийиктиктен урап түшкөн. Кырсык болгон маалда үстүндө 20дай унаа турганы айтылды.

Италиянын Генуя шаарында көпүрөнүн кулашын күбө болгон адам тартып калууга жетишкен. Каргаша бүгүн, 14-августта, болду. Узундугу болжол менен 200 метрге жеткен көпүрөнүн бир бөлүгү 70 метр бийиктиктен урап түшкөн. Эл кырсыктын сүрөт, видеолору менен бөлүшүүдө.

​Окуя болгон жерге куткаруучулар менен кинологдордун командасы жөнөп кеткен. Аймакты урандыдан 40 киши тазалап жатат. Жети адамдын көз жумганы айтылды. Эки адамды кулаган унаанын ичинен алып чыгышкан.

​Шаардын өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Амалия Тедескинин айтымында, кырсык болгон учурда көпүрөнүн үстүндө 20 чакты унаа турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0