Колу күйүп калган жокпу? Шырылдап аккан жалындуу болотту кармаган темирчи. Видео

Жазылуу
Темирчинин болоттун кызыл жалын болуп куюлуп келе жаткан эриндисин колу менен кармап жаткан видео интернет айдыңына тарады.

Ролик YouTube каналына жайгаштырылган.

Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Кыздар кыя өтпөгөн Келдибек: кыргыздын жигиттери майдаланып баратат
Ал киши Армениядагы Алаверди шаарынын жашоочусу Аркадий Мгдсян аттуу адам болуп чыкты.

Каарман РИА Новости агенттигине элдин кызыгуусун арттырган видео, кызыл жалын болуп агып жаткан болотту жылаңач колу менен кантип кармагандыгын айтып берди.

Миллиондогон кишилерди кайдыгер калтырбаган бул кадам, шырылдап күйгөн болотту кармоо темирчилердин көп жылдардан бери келе жаткан салты экен.

"Силер видеодон көргөн нерсени биздин шаардын металлургдары эле эмес, жаштар деле жасай алат. Бул заводдун (Алаверди – ред.) 250 жылдык тарыхына жана металлургияга арналган салттуу эле учурубуз болөчу. Мындай чеберчиликке акырындап отуруп жетсе болот", — деген темирчи.

Анын айтымында, заводдун жетекчилиги мындай иштерди жактыра бербейт.

Көз жоосун алган алтын, күмүш жасалгалар кантип жасалат? Видео - Sputnik Кыргызстан
Көз жоосун алган алтын, күмүш буюмдар кантип жасалат? Видео
"Коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн иштеп жатканда атайын кийимчен жүрүүгө милдеттүүбүз. Жетекчилик мындай иштерди жасоого тыюу салат", — деди Мгдсян.

Аркадий мындай "тентектиги" үчүн жетекчиликтен эскертүү алгандыгын кошумчалады. Андан сырткары, темирчи кайнап жаткан болотту жылаңач колу менен кантип кармагандыгынын сырын айтып берген.

"Эгерде көлкүлдөп эрип, агып келе жаткан болотко колду салып жиберүүдөн мурда жакшылап суулап алсаң, пайда болгон буу бир нече секунд терини күйүп калуудан сактайт", — деди ал.

Бул адамды туурап, өз алдына жасоо адамдын ден соолугуна кооптуу экендигин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0