Бишкекте жолтандабас урган Mazda арыкка кирип кетти. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, айдоочулар жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткенин айтып бири-бирин күнөөлөштү.

Бишкекте Mazda 626 менен Land Cruiser унаасы сүзүштү. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Жол кырсыгы Токомбаев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуяга күбө болгон жарандын айтымында, анда Mazda жеңил автоунаасындагы жүргүнчү кыз жабыркады.

"Айдоочулар жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткенин айтып бири-бирин күнөөлөштү. Унаалар кагышканда Mazda 626 арыкка кирип кетти. Окуя болгон жерде милиционерлер менен тез жардам кызматы болгон жок", — деди күбө.

Борбор калаанын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат тастыкталды. Тез жардам кызматы кайрылуу түшпөгөндүгүн билдирди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз, тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0