Бишкекте маршрутка айдоочусу рулда баратып уяттуу тасма көргөн. Видео

Жазылуу
Милиция айдоочуну издеп жатат.

Видео көрүп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка айдап баратып видео көргөн айдоочу кармалды
Бишкекте маршрутканын айдоочусу жүргүнчүлөрдүн көзүнчө уяттуу тасма көргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, видео 12-август күнү кечки саат 21.30да №100 маршруткадан тартылган. Микроавтобус 7-апрель көчөсүндө бара жаткан.

Кадрда көрүнүп тургандай, айдоочу бир колуна телефонун кармап алып уяттуу тасма көргөн.

Бишкек ЖКККББнын маалымат кызматы милиция айдоочуну издеп жатканын билдирди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0