Албууттанган сел. Кажы-Сайдын жанындагы жол жараксыз болуп калган видео

Жазылуу
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жолду сел алып кеткен үчүн автотыгын жаралды.

Сел жолду алып кеткендиктен, Кажы-Сай менен Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылынын ортосунда автотыгын жаралды. Бул туурасында Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев билдирди.

Анын айтымында, автоунаалардын тыгыны 20 мүнөттөй болуп, андан соң Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкери абалды жөнгө салган. 

"Жамгыр катуураак жааса аталган жолду сел каптап кетет. Андай учурларда автоунаалар өтө албай туруп калат", — деди аким.

ӨКМдин маалыматына караганда, селден болжол менен 14.30дарда жүргөн. Окуя болгон аймакка грейдр менен куткаруучу автоунаа барып, 15.20да эл ээн-эркин өтө баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0