Шумдугуң кур! Франциядагы сейил бакты тазалаган карганын видеосу

Жазылуу
Франциянын Пюи дю Фу аттуу көңүл ачуу паркында канаттуулар таштанды терип иштейт.

Каргалар паркка келген меймандардан калган кагаз жана тамеки калдыктарын чогултушат.

Канаттуулар алып келген ар бир таштандысы үчүн таттуу сыйлыкка ээ болот.

Эс алуучу жайдын администрациясы мындай жол менен адамдарды экологияга аяр мамиле жасоого чакырууну көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0