Күбө: Бишкектеги өтмөктүн лифти адамдарды сакташ үчүн талкаланган. Видео

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, лифт буга чейин бир нече жолу бузулуп, адам өмүрүнө коркунуч жаратып келген.

Аламүдүн базарынын жанындагы жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөгү лифттин айнеги атайын талкаланган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, лифт бузулуп калып анын ичиндеги эки адам чыга албай калган.

"Жаңы салынган лифт буга чейин эле бир нече жолу бузулган. Анда да адамдар ичинде камалып калган учурлар болгон. Акыркы жолкусунда бир эркек, бир аял ичинде калып, аба жетпей абдан кыйналышкан. Ошол учурда жерден өтүп бараткандар жардамга келип куткаруучуларды чакырган. Бирок алар келбей койгондуктан эшиктин айнегин сындырып чыгарышкан", — деди күбө.

Эске сала кетсек, буга чейин мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 19-августта Facebook баракчасына белгисиз адамдар жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөгү лифтинин айнегин талкалап кеткендигин жазып чыккан.

"Аламүдүн" базарынын жанындагы өтмөк былтыркы жылдын ноябрь айында ачылган. Көпүрөгө кары-картаңдар менен майыптарга жеңил болсун деп лифт орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0