Жабыла минип алышканбы? Дайверлердин суу түбүндөгү жоругу видеодо

Жазылуу
Маалыматта кичинекей эле чоочун нерсе балыктын терисин жабыркатып кетиши мүмкүн экендиги айтылган.

Индонезияда суу алдына түшүп, акуланы минип алган киши камакка алынды. Бул туурасында РИА Новости кабарлаган.

YouTube каналына кишилер кит акуласына жабыла жармашып алып сүзүп жүргөн видео тарады.

Койкойгон үчөө. Кеменин мурдуна отуруп алып бараткан тюлендердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Койкойгон үчөө. Кеменин мурдуна отуруп алып бараткан тюлендердин видеосу
Окуя Чендравасих булуңунда болгон. Суу алдына түшүп, дайвинг кылган жергиликтүү ишкер достору менен балыктын убалына кала жаздаган.

Индонезиядагы бул жаныбарлар өзгөчө камкордукка алынган. Алар өтө назик келгендиктен, мыйзам дайверлердин акулага жакын жолошуна тыюу салган. Маалыматта кичинекей эле чоочун нерсе балыктын терисин жабыркатып кетиши мүмкүн экендиги айтылган. Бул жаныбарлар адамга кол салбайт.

Дайверлердин мындай кылыгы жаныбарларды коргоп келген индонезиялык активисттердин кыжырын кайнатып, нааразылык жараткан. Анын үстүнө мындай жорук-жосун бийликтин көз жаздымында калбай, балык жандуу киши темир тордун ары жагына жиберилген. Бул маалыматты журналисттерге Индонезиянын балыкчылык жана деңиз иштери боюнча министри берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0