10 мүнөттө ойронун чыгарган! Бөбөктөрдүн жоругу тартылган видео

Жазылуу
Кожойкенин кыздардын "шедеврин" өзү жалгыз жууп чыгууга жасаган аракетинен майнап чыккан эмес. Акыры алар адистешкен тазалагычтарды чакырууга мажбур болушкан.

Үч кыздын энеси, Улуу Британияда жашаган 24 жаштагы Эмма Хоуз кыздарын 10 мүнөткө кароосуз калтырам деп же ыйлары же күлөөрүн билбей алакан жайып отуруп калган.

YouTube каналына 4 жана 2 жаштагы кыздардын түркүн түстүү боек менен үйүнүн ичин "кооздоп" жана 10 айлык бөбөгүн кошо "майлап" койгон видеосу жайгаштырылган.

Кичинекейлердин кылыгы саналуу гана мүнөттө болгонун энеси Daily Mail басылмасына айтып берген.

Лев пытался добраться до мальчика через стекло в зоопарке - Sputnik Кыргызстан
Дубайдагы зоопаркта арстан наристеге кол салууга аракет кылды. Видео
Ал биринчи кабатка жууй турган буюмдарын кир жууган машинага салганы кетип, кайра көтөрүлүп чыга бергенде бул окуяга туш болуптур.

Кыздар ата-энеси жаткан керебеттин алдынан акриль боекторун таап алып, үйдөгү буюмдардын баарына сүртүп чыккан. "Художниктер" 10 айлык сиңдисинин бети-башын да куру калтырган эмес.

Энеси "эми болору болду, беосу канды" деген тейде тартып алган видеосун Facebook тармагындагы баракчага жүктөп, ага 57 миң киши пикирин жазса, бир нече миңи кайдыгер калбай, көрүп чыккан.

Кожойкенин кыздардын "шедеврин" өзү жалгыз жууп чыгууга жасаган аракетинен майнап чыккан эмес. Акыры алар адистешкен тазалагычтарды чакырууга мажбур болушкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0