Өлөрүнө карабай... 75 миң доллар үчүн уурулар менен кармашканда. Видео

Жазылуу
Окуя АКШнын Техас штатында болгон. Полиция кылмышкерлерге маалымат берип турган деп банк кызматкерин кошо колго түшүрдү.

Техастагы тоноочулук АКШ элин дүрбөлөңгө салганын жергиликтүү KTRK-TV телеканалы маалымдады. 

Стритрейсеры на ночных рейдах по поиску банды ГТА - Sputnik Кыргызстан
Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды
Аял банктан 75 миң доллар чыгаргандан кийин уурулар ага күч колдонуу менен колундагы сумкасын тартып алууга аракет жасаган. Маалыматка караганда, аялга мындай суммадагы накталай акча бизнеси үчүн керек болгон. Ал май куюучу жайларга ээлик кылгандардын бири.

Полициянын маалыматына караганда, уурулар аял банктан сумка көтөрүп чыкканда эле артынан түшкөн. Окуя видео байкоого жазылып калган. Тасмада көрүнүп тургандай, аял колундагы сумкасын кылмышкерлер машина менен койдуруп кеткенге чейин кое берген эмес.

Кол салгандар кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени аныкталды. Биринчи шектүү ошол эле күнү колго түшүрүлүп, акча салынган сумка алынган. Экинчиси менен үчүнчүсү эки күндөн кийин кармалган. Учурда төртүнчү шектүү изделип жатат.

Привязали к решетке трос и вырвали — видео дерзкого ограбления под Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Шумдугуң кур!.. Бишкектин четиндеги акча алмаштыруу жайы көз көрүнөө тонолду
​Кийинчерээк бул ишке банк кызматкеринин да тийиштиги бар экени аныкталган. Полиция банктын 25 жаштагы менеджери Шелби Уайзды камакка алды. Кылмыш жасалган күнү ал ишинде отурган. Мындан сырткары, менеджер кармалган эки шектүүнүн бири менен жакын мамиледе болгону айтылууда. Полициянын версиясында так ошол банк кызматкери ири суммадагы акча тууралуу кылмышкерлерге кабарлаган.

Учурда жабыркаган аял оор абалда ооруканада жатат. Ал эми жолдошунун абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0