Тоо арасындагы бермет! Космонавттын Ысык-Көлгө суктанган видеосу

Жазылуу
Россиялык космонавт Олег Артемьев бүт ааламга кыргыз бермети — Ысык-Көлдү эл аралык космостук станциядан тартып алып көрсөткөн.

Көз талдырган видеону ал YouTube каналына жүктөгөн.

Ысык-Көлдү Артемьев Кыргызстан менен Казакстандын үстүнөн космос корабли менен учуп баратканда иллюминатордон тартып алган.

"Сол жакта жакшынакай болуп Балхаш жатат, бир аз учсак, Ысык-Көлдү көрөбүз… Азыр көз жоосун алган көл болот. Аа, мына тоолор курчаган Ысык-Көлгө да келип калдык. Сонун, сонун, көз жоосун алган кооз. Тоо арасындагы бермет!" — деген россиялык космонавт.

Артемьев андан сырткары Аралды да тартып өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0