Көкүлүн көккө серпкен аргымактар, мрамор оронгон калаа. Ашхабадды кыдырган Жээнбеков

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков 23-августта Түркмөнстан лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча мамлекеттик иш сапары менен Ашхабадга барды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө башчынын иш сапарынын биринчи күнүнүн жыйынтыгын сунуштайт.

Алгач эки мамлекеттин башчылары тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту. Андан кийин тийиштүү министрликтер менен мекемелер ортосундагы кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду.

Мамлекеттик иш сапарынын алкагында Жээнбеков Ашхабаддагы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Ошондой эле мавзолейдин жанында жайгашкан мечитке барды.

Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухаммедовдун жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун Түркмөнстанга сапары: кол коюлган документтердин артыкчылыгы
Андан соң Эгемендик монументине гүлчамбар коюп, ардактуу меймандардын багына көчөт отургузду.

Визиттин программасына ылайык мамлекет башчысы 2017-жылы жабык имараттагы Азия оюндарын өткөрүү үчүн курулган Олимпиада шаарчасын көрүп чыкты. Соңунда Ашхабаддагы текстиль комплекси менен да таанышты.

Ошол эле күнү, 23-августтун кечинде өлкө башчы Түркмөнбашы шаарына учуп кетти. Бүгүн Аралды сактоо фондусун негиздеген мамлекет башчыларынын саммитине катышууда.

Аралды сактоо эл аралык фонду 1993-жылы 4-январда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин чечими менен түзүлгөн. Фонд 2008-жылдын декабрынан тарта БУУнун Башкы ассамблеясында байкоочу статусуна ээ болгон. Кыргызстан аймактагы айрым мамлекеттердин кызыкчылыгы эске алынбай, кыргыз тарап сунуштаган реформалар ишке ашпай жатат деген жүйө менен 2009-жылы фондунун ишине мүчө катары катышпай турганын айтып, 2016-жылы аны токтотуп койгон.

Аралды сактоо эл аралык фондусуна Түркмөнстан 2017-2019-жылдары төрагалык кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0