Тоо жылып келе жаткандай! Аляскада киттин сууга кулаган видеосу

Жазылуу
Кайыктагы туристтер мухиттин ортосунда суу бүркүп бара жаткан китке суктанып туруп, жанына келген дагы бир ири суу жаныбарын байкабай калышкан.

Аляскадагы туристтерге кол сунса жетчүдөй жакын келген жана бүт тулкусун сууга күч менен таштаган киттин видеосу пайда болду. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып кабарлады.

Видео басылманын Facebook баракчасына жарыяланган.

Дайвер катается верхом на акуле — видео, которое возмутит вас - Sputnik Кыргызстан
Жабыла минип алышканбы? Дайверлердин суу түбүндөгү жоругу видеодо
Кайыктагы туристтер мухиттин ортосунда суу бүркүп бара жаткан китке суктанып туруп, жанына келген дагы бир ири суу жаныбарын байкабай калышкан. Качан гана тоо сымал чыга калган китти көргөндө бир апкаарып, бир таңгалып туруп бергенден башка арга калган эмес. Кит карап тургандардын көз алдында бүт тулкусун сууга күч менен таштап, миңдеген суу чачырандыларынан фонтан жасап бергендей элес калтырды.

Бул сейрек видео Алясканын булуңуна жакын жерде тартылган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0