Буттары тескери карап калса да, басып жүрөт! Таңгалдырган видео

Жазылуу
АКШлык жаран тубаса ийкемдүү, тагыраагы "эки муундуу" болгондуктан, көптөрдү таңгалдырып, жакасын караматкан.

57 жаштагы Мозес Лэнхэм аны тааныгандардын арасында Мистер Эластик катарында белгилүү. Буттары ийкемдүү болуп, Гиннес китебине эки жолу катталган. Мындай тубаса аномалиядан улам, буттарын 180 градуска буруп, басып жүрө берет.

Пожилой эктремал шокировал соцсети виртуозным танцем на мотоцикле. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жүрүп бараткан мотоциклде жатып-туруп ойногон абышка таң калтырууда. Видео
Бул видео YouTube каналына жүктөлгөн.

Мозес бала кезинде мектепте партадан кулап кеткенде гана ушундай таңгалычтуу жөндөмү туурасында билген. Ал тубаса ийкемдүү, тагыраагы "эки муундуу": буттарында кемирчек жана булчуң ткандары көп дешкен адистер. Мындан улам элди таңгалдырып басып кетет. Ал эми башкалар мындай жөндөмгө ээ эмес. Мектепте, институтта башкаларды тамашага салыш үчүн тескери буттар менен басып жүрсө, кийин ар кыл шоу-программаларга тартыла баштаган.

Уулу Трейге Мозестин өзгөчөлүктөрү өткөнү менен, аны азырынча кайталай албай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0