Спортчуларды жеңиши менен куттуктоо үчүн Президенттик апарататтын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, туугандары жана күйөрмандары барды.
Азия оюндарынан коло медаль тагынган Амантур Исмаиловдун апасы Мээржан Рыспаева уулун тосуп алуу үчүн атайын Жалал-Абад шаарынан келген. Эненин сүйүнүчүндө чек жок, кубанычы койнуна батпай көзүнө жаш тегеренип турду.
"Жолдун алыстыгына карабай атайын кенже уулум экөөбүз келдик. Балам буга чейин өлкө ичинде жеңишке кеткени менен эл аралык, дүйнөлүк мелдештери ийгиликсиз болуп жаткан. Биринчи медалын ушундай ири мелдештен утканына абдан сүйүнүп жатабыз. Күрөшүп жатканда аябай толкунданып, жеңилсе ызаланып көрүп отурдук. Токио олимпиадасынан кайтканда ушинтип тосуп алууну Кудай насип кылсын", — деди Рысбаева.
Амантур Исмаилов 3-классынан тарта спорт менен машыгып баштаган. Ошондон талбай аракет кылып, Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине тапшырган.
"Башында кой дегениме карабай катышып жүрдү. Оштогу бир мелдешке мага айтпай качып кетип биринчи орунду алып, килем көтөрүп келген. Андан кийин Нарынга барып экинчи орунга жетип 1500 соом алып келди. Атасы ооруп жатканда Амантур Кыргызстандын чемпионатына катышып "Спорт чебери" наамын алганын угуп абдан сүйүндү эле. Бирок ал күбөлүгүн алып барганга чейин көзү өтүп кетти. Ошондо атасы ийгилигин көрбөй кеткенине аябай ызаланган", — деп жашып жиберди спортчунун энеси.
Амантур Исмаиловдун өзүн кепке тартканыбызда жеңишин эң биринчи кезекте апасына, андан соң машыктыруучулары менен кыргыз элине арнай турганын айтты.
Күрөш федерациясын вице-президенти Мелис Турганбаев Азиададан күрөштөн 8 медаль утуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгонун белгиледи. Ошондой эле ал кийинки оюндарда алтынга жетүүнү убадалады.
Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Кыргызстан спорттун алты түрү — эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика жана бокстан үмүт арткандыгын айтты.18-августт башталган Жайкы Азия оюндары Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында 2-сентябрга чейин уланат. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль ойнотулат.
Ал эми кыргызстандан 150дөй жаран спорттун 28 түрү боюнча күч сынашуу үчүн аттанган (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).
Кыргызстандын байге куржунунда учурда 10 медаль бар. Балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло медаль тагынса, жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу кечээ, 24-августта алгачкы алтынды алып берди.
УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.
"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.
Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.
НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде, Бишкектин бир катар районунда электр энергиясы өчүрүлөт. Маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.
Бул күнү мекеменин кызматкерлери турак үйлөрдүн чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоп, бак-дарактарды бутайт.
График: