Айтматов проспектиси кандай болуп оңдолду. Жолдун асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиси оңдоп-түзөө иштеринен кийин толугу менен ачылды. Жолду оңдоо иштери 4,5 айга созулуп, белгиленген мөөнөттөн 2,5 айга эрте бүткөн.

Ачылыш аземине борбор калаанын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Сыдыков жана Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин соода-экономика маселелери боюнча кеңешчиси Сунь Хэ катышты.  

"Бул жолдун ачылышы өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына карата шаардыктарга чоң белек болмокчу. Ошондой эле дүйнө эли майрамдап жаткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын аты ыйгарылган проспект 18 жылдан бери биринчи ирет оңдолду", — деди вице-мэр. 

Ошондой эле жолдун катмарларын асфальттоо иштери жаңы ыкма менен жасалгандыгы жана сапатына беш жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө кепилдик берилгендиги айтылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0