Якутияда башына канистра кийилип калган аюуну издеп жатышат. Видео

Жазылуу
Жаныбарга күбөлөр жардам берүүгө аракет жасаган, бирок майнап чыккан эмес.

АКШда аюу унаанын ичиндеги бананды тое жеп туруп уктап калган. Видео - Sputnik Кыргызстан
АКШда аюу унаанын ичиндеги бананды тое жеп туруп уктап калган. Видео
Якутиянын Экология министрлигинин өкүлдөрү башына канистра кийилип калган аюуну издеп жатышат. Бул тууралуу "Якутия 24" телеканалы маалымдады.

24-август күнү YouTube тармагына видео жарыяланган. Анда башына канистра кийилип калган аюуга кишилер жардам берүүгө аракет кылып жатканын, бирок андан майнап чыкпаганын көрүүгө болот.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, Экология министрлигинин аңчылык башкармалыгы Түштүк Якутиядагы инспекторлорго окуя болгон жерди аныктоо тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0