"Ислам мамлекетинин" желегин таккан унаа Александровка айылында жүрдүбү? Видео

466
(жаңыланган 21:28 27.08.2018)
Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) Ички иштер министрлиги менен биргеликте ыкчам-ичиктөө иштерип жүргүзүп, Чүй облусунан кара жетек алып жүргөн үч унааны тапты.

Социалдык тармакта бир унаа "Ислам мамлекетинин" символикасына окшогон кара желекти алып жүргөн видео тарады. Тасма 26-август күнү Чүй облусунун Александровка айылында тартылганы айтылган. 

Кадрларда көрүнүп тургайдай, Toyota Wish унаасынын айдоочусу бир колун айнектен чыгарып алып, арабча жазуулары бар кара түстөгү желекти желбиретип баратат. Социалдык тармактагылар бул "Ислам мамлекетинин" желеги деп болжолдошкон.

Мындан улам Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) Ички иштер министрлиги менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштерип жүргүзүп, Чүй облусунан кара желек алып жүргөн үч унааны тапты.

Белгилүү болгондой, ал унаалардын ээлери CERBER AVTO CLUB деп аталган унаа борборунун мүчөлөрү болуп чыккан. Алар Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык ооруканасына кайрымдуулук кылуу үчүн бара жатканын айтышкан.

УКМКнын кызматкерлери айдоочуларга террористтик уюмдардын символикаларын элестеткен атрибутикаларды колдонуу туура эместиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Учурда тийиштүү чараларды көрүү үчүн метарилдар ИИМге жөнөтүлдү.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматынан кара желекте чындыгында эле араб тилинде "Аллах" деп жазылып турганын, бирок анын "Ислам мамлекетинин" сомволикасына тиешеси жок экенин айтышты.

466
Белгилер:
желек, "Ислам мамлекети" террордук тобу, ИИМ, УКМК, Чүй облусу
Тема боюнча
Тажикстандагы туристтердин өлүмүн "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды
Жээнбеков: күнөөлүү адамдарга карата катуу чара көрүш керек

Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип

0
Чемпионаттын расмий ырын голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышты.

Трек We are the people ("Биз — элбиз") деп аталат.

"Жаңы ырымды (Боно жана Эдже катышкан) тартуулай турчу да күн келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот", — деген Гаррикс.

2020-жылга белгиленген Европа чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай айына жылдырылган болчу.

Европа биринчилигин 11-июндан тарта 11-июлга чейин континенттеги 11 шаарда өткөрүү пландалган. Ал үчүн Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

0
Белгилер:
клип, мелдеш, Европа чемпионаты, футбол

Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео

168
(жаңыланган 11:16 13.05.2021)
Бүгүн мусулман эли Орозо айтты белгилеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаалдан улам эл айт намазга борбордук аянттарга эмес, мечиттерге гана чогулду. 

Бишкек шаарында  Имам Сарахси атындагы башкы мечитте  шаардын миңдеген тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы окулду.

Намазга эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15те башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев "Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери" деген темада баяндамасын жасап, кыргызстандык мусулмандарды куттукташты.

Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң куран окулуп, маркумдарга жана Баткен окуясында каза тапкан бир туугандардын арбактарына багышталды.

Быйыл орозо айы 13-апрелде башталып, 30 күнгө созулду. Айт күнү мусулмандар тууган-уруктарынын үйүнө барып ал-жай сурап, айттап, ошондой эле көзү өтүп кеткен жакындарына багыштап куран окушат.

168
Белгилер:
мечит, майрам, орозо айт, Айт намаз, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Үч түрдүү бата дароо кабылданат деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек