Жүргүнчүсү бар маршрутка жеңил унаа менен кагышып кетти. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Окуя Бишкектин четинде болгон. Жабыркаган жүргүнчүлөрдү жолдо бараткан айдоочулар ала кеткен.

Бишкектин четиндеги айланма трассада такси микроавтобус менен кагыша кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирип, видеосун салган.

Анын айтымында, окуя 27-августта эртең менен болгон.

Чүй облустук милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык болгонун тастыктады.

"Авария болжол менен саат 8.30дарда "Алга" айылынын аймагында болгон. Чыгышты көздөй бараткан такси Бишкекке келе жаткан микроавтобус менен сүзүшкөн", — дешти милициядан.

Жабырлануучуларды тартип сакчылары келгенге чейин жолдон өтүп бараткан айдоочулар алып кеткендиктен канча киши жапа чеккени азырынча белгисиз.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0