(2:27 / 19.53Mb / )

Кочкордогу күйгөн сууга жумуртка кууруп жегенде... Видео

724
(жаңыланган 17:27 28.08.2018)
Кочкордо (Нарын облусу) ширеңке чаксаң от жалындаган өзгөчө булак бар. Тагыраагы, жер алдынан газдалган суу чыгат.

Жергиликтүү тургундар булактагы сууну пайдалуу деп эсептешет. Алардын айтымында, суу тери оорулары менен ашказанга жакшы.

Кочкорлук Майрамбек Ишенбек уулу билдиргендей, булак 40 жылдан ашык убакыт мурда эле пайда болгон

"Мен эс тарткандан бери эле ушул булак бар болчу. Бала кезде ширеңке чагып ойночубуз. Ата-энебиз убагында окумуштуулар бул жерден таза суу издеп, жерди казышканын айтып калат", — деди жергиликтүү тургун.

Анын айтымында, булактагы суу адамдын ден соолугуна пайдалуу.

"Көптөр тери жана ашказан ооруларынан айыгыш үчүн келет. Бирок бул сууну көп ичүүгө болбойт, жүрөк айланып кетиши мүмкүн. Кээ бирлер болсо сууну көрүш үчүн гана келет", — деди Ишенбек уулу.

Улуттук илимдер академиясынын география бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов күйгөн суу тууралуу кабары бар экенин билдирди.

"Бул суунун курамында метан же күкүрт болушу мүмкүн. Мындай булактар чет өлкөдө бар. Бизде эч ким изилдөө жүргүзгөн эмес. Бирок ал жер туристтерди кызыктырып жаткандыктан изилдөө жүргүзүү муктаждыгы бар", — деди окумуштуу.

Тажрыйба иретинде Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары күйгөн сууга жумуртка кууруп көрүүнү чечти. Дээрлик бир мүнөттөн кийин жумуртка жегенге даяр болду.

724
Белгилер:
газ, Суу, Кочкор
Тема боюнча
Азыктын эң эле зыяндуусу аталды